Көпчүлүк аялдардын айызы белгилүү убакытта кайталанып, келүү мөөнөтү да туруктуу болот, жалпы абалы анча өзгөрбөйт. Айрым аялдарда табарсыктын тушу, бел ооруйт, этек кирдин келүү мөөнөтү бузулат. Кээде аз-аздан, анда-санда же катуу ооруп кан көп кеткен учуру да болот. Этек кирдин келүү убактысынын бузулушу көп учурда гинекологиялык оорунун белгиси. Бул тууралуу Бишкектеги №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун акушер-гинекологу Гүлмира Толубаева жооп берет.
ЭТЕК КИР (орус тилинде менструация. Менструация латын тилинен алынган, mensis – ай) – аялдын организминин өзгөрүшү менен ай сайын жатындан келген кан. Менструацияны борбордук нерв системи (б