Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Больше информации
  • Главная
  • Увлечения
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Обложка профиля
Фотография от Азиз Камчыбеков

Азиз Камчыбеков

Последний визит: 31 июл 2020
Фотография от Азиз Камчыбеков
Фотография от Азиз Камчыбеков
Фотография от Азиз Камчыбеков
Фотография от Азиз Камчыбеков
Фотография от Азиз Камчыбеков
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
Азиз Камчыбеков
23 июл 2020
КАРА КОЗУМ

Тиктеп койсом кашын серпип карадың,
Кара көзүм бир жылмайып карагын.
Жаркыраган чырайына тигилип,
Кыялым да сен деп учуп жанамын.

Күлүп койсом наздуу тиктеп карадың,
Сага деген ачтым сүйүү барагын.
Сырдашканы жакын барсам жанына,
Уянсырап сылык сөзүң аядың.

Кара кундуз тармал чачын өрүлгөн,
Көрөр замат түркүн ойго чөмүлгөм.
Кулуп турсан жүрөгүмдү багынтып,
Кантип сени сүйбөй өтөм өмүрдөн.

Башка жигит карек салып караса,
Кызганамын токтоно элек балача.
Томсоромун сырттан карап буулугуп.
Бирө эгер жүрсө сага жанаша.

Жол бербеймин колдон келсе андайга,
Жагынууга жаным сага барбы айла.
Жароокерим бир болоорбуз өмүрдө,
Жаратканым жазган болсо мандайга.

Автор. Камчыбеков. Азиз
574055574628

Азиз Камчыбеков

15 июл 2020
VID-20200714-WA0022.mp4
00:49
VID-20200714-WA0022.mp4
731 просмотр
  • Класс
Азиз Камчыбеков
8 июн 2020
Күлүп койсоң, күлкүңдөн күйүп денем,
Күлмүңдөгөн жүзүңдү сүйүп келем.
Күндөй жаркып алдымдан чыгаарсың деп,
Күндө өткөнмүн көчөңдөн үмүт менен.

Көрөөр замат көзүмдөн жанат жалын,
Кандай сонун аруулук таратканың.
Көз кырынан каш серпе карап койгон,
Кылыктарың аябай жагат жаным.

Кереметсиң чынында кереметсиң,
Келбейт сени эч кимге жемелетким.
Кызгалдактай кулпурган нур жүзүнө,
Күйүп турган күндү да теңебесмин.

Кыялбасым, кымбатым пээри кыз сен,
Кыялданам ааламды кезип ичтен.
Карегиңди сезимге элес кылып,
Кандай сонун сен менен кезигишкен.

Куйкаланам ичимден күйүп өчөм,
Күйпөлөктөп жаныңдан күлүп өтөм,
Катып алсаң эгерде жүрөгүңө,
Кара көзүм өзүңдү сүйүп өтөм.

Автор. Камчыбеков Азиз.
Азиз Камчыбеков
7 июн 2020
ТАМАША ИРЭЭТИНДЕ

Капыстан чыңгыр этсе телефонум,
Музыка койуп койгом теле сонун.
Кыздарга достор атын жазып койгон,
Чынында мен аябай келесоомун.

Гүлзатты Гүлжигит деп сактап койгом,
Нургизди Нуржигит деп каттап койгом.
Алина Али болуп кыскартылып,
Анарга Алмаз атын чаптап койгом.

Аялым көрүп алып сүрөттөрүн,
Бул ким деп сурай берип жүдөткөнүн.
Аял да, быды-быды сүйлөй берип,
Билбеймин кандай болуп күн өткөнүн.

Айтканмын ошолордун аялы деп,
Нуржигит билесиңби? баягы деп,
Унчукпай туруп калса ойлогонмун,
Сүйүнүп жини эрте тарады деп.

Капыр ай, кара мунун сүйлөнүшүн,
Таарынып былтың басып түрдөнүшүн.
Кылыгын көрүп алып аялымдын,
Кызганып жатат дедим сүйгөн үчүн.

Аялым кудай кошкон аялым
Азиз Камчыбеков
27 мая 2020
Майланып үстү башым, кирдеп денем,
Ырыскым мээнет менен иштеп жегем.
Эгерде байдын уулу болгонумда,
Ак эмгек эмне экенин билбейт элем.

Чукулап таштандыны темир саттым,
Жалданып пулу бардын жерин чаптым,
Жаштыктан тиргиликке башым бышып,
Жан бакмай, пул тапмайдын эбин таптым.

Талаадан жөө жыңайлак машак тердим,
Колумдан эмне келсе жасап келдим.
Жокчулук заманында канаат кылып,
Бир тоюп бай адамдай жашап келдим.

Кейибейм оор иштерди жасадым деп,
Башымдан өткөндөрдү атадым тек.
Апамдын айткан сөзү дале эсимде,
Ак иштеп, адал нан таап жашагын деп.

Ошол сөз арам жолдон тороп мени,
Келүүдө жакшылыкка ороп мени.
Наалысам бар-жогуна канаат кылбай,
Ынсапсыз өмүр бир күн сорот мени.

Азыр мен бай
  • Азиз Камчыбеков
    22 мая 2020
    Иштебес мыйзамынар,
    Ичип жеп жыйганынар.
    Адамдык сапаты жок
    Итке тең кылганыңар.

    Буйруса кылабыз деп
    Буйрукка кылабыз шек
    Буйрутар бирөө чыгар,
    Эл үмүт кылабыз көп.

    Чек ара чечилбеди,
    Пайдасыз чечимдери.
    Эл жерин тоногондор,
    Жаза алып кесилбеди.

    Таланып жерлерибиз,
    Талаалап элдерибиз.
    Пайдасы тийбей аттиң,
    Казылды кендерибиз.

    Чачырап ойлорубуз.
    Чарчатты чоңдорубуз.
    Чет жерде эмгектенип,
    Жоруду жондорубуз.

    А чоңдор чордогонго,
    Иш жайын коргогонго.
    Калп эле эл алдында,
    Сөз берет болбогонго.

    Көнүмүш бул адатын,
    Келечек улабасын.
    Аткарбай унутушат,
    Анткорлор убадасын.

    Автор. Камчыбеков Азиз.
  • На этом пока всё
    Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

    744

    • нурлан камбаров
      нурлан камбаров
    • Мурадил Данияров
      Мурадил Данияров
    • Не важно Кто я
      Не важно Кто я
      Екатеринбург
    • нуркадыр Болотбек уулу
      нуркадыр Болотбек уулу
    • И О

    10

    • Екатеринбург жердештер
      Екатеринбург жердештер
      4809 подписчиков
    • Екатеринбургтагы иштер .
      Екатеринбургтагы иштер .
      799 подписчиков
    • ПАЙДАЛУУ КЕНЕШТЕР )
      ПАЙДАЛУУ КЕНЕШТЕР )
      26587 подписчиков
    • Екатеринбургтагы жердештер жарыялар жардамдар
      Екатеринбургтагы жердештер жарыялар жардамдар
      1367 подписчиков
    • Екатеринбургдагы Мекендештер. Кайрымдуулук Уюму
      Екатеринбургдагы Мекендештер. Кайрымдуулук Уюму
      16305 подписчиков

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

    Зарегистрироваться