Капамын бүгүн, көз жашым эрксиз тамчылап,
Кеткендей бирөө, бырчалап кесип, кайчылап.
Кусамын апа, алсырай түшөм эстесем,
Күбүлүп майда, күкүмдөй дүйнөм жанчылат.
Эреркеп ыйлайм, эркерээк болгон үчүнбү,
Ээлеген кезде, ыза- муң каптап ичимди.
Энеке сиздей, билемин эч ким түшүнбөйт,
Эзилип анан, чыгарам ырдан күчүмдү.
Эстеген кезде, көөдөнгө сыйбайт арманым,
Түшүндүм эми, жашоонун чындап жалганын.
Бейкапар жүрүп, билбепмин кошо ээрчишип,
Балалык менден, сиз менен кетип калганын.
Бар эле тоодой, түйшүккө түткөн сабырыңыз,
Болсунчу нурлуу, жаркырап жарык кабырыңыз.
Бейиштин төрүн, турсам да каалап ичимден,
Буулугат бүгүн, муңканып жазган жаңы ырым.
Автор : Жалолов Ф А
22.04.23.