СУЛУУЛУК ҮЧҮН ТАБИГЫЙ МАЙЛАР
Адамдар сулуулук үчүн бир топ акча коротушат. Косметикалык каражаттардын бири терисине жакса, экинчиси жакпайт. Эгерде косметикалык майларды колдонуп көрсөңүз, сиздин чөнтөгүңүзгө да үнөмдүү, натыйжасында өзүңүз да ыраазы болосуз. Пайдалуу жана үнөмдүү сулуулук каражаттары тууралуу косметолог Жаркын Атаканова кеңеш берет.
БАДАМ МАЙЫ

Курамында: Е, В2 витаминдери, натрий, темир, цинк, фосфор бар.
Бадам майы (миндальное масло) бетти агартууга, серпилгичтигин арттырууга, безеткини, безеткиден калган тактарды кетиргенге жакшы жардам берет. Күндө жатар алдында бетиңизге сүртүп жүрсөңүз тери агарып, жумшарып, тактар кетип жатканын байкайсыз. Жүзүңүзгө бырыштын тү