Чоң бир аба жайдын күтүү залында бир жаш кыз кезектеги өзүнүн учагын күтүп отурган эле. Убакытты өткөрүү үчүн, кызыктуу китеп жана бир пакет бадырак сатып алат. Бираз эс алуу үчүн ВИП залдан орун алып, отуруп калат. Аңгыча кыздын жанына бир жигит келип отуруп, ал да китебин ачып окуй баштайт. Кыз сатып алган пакетинен бадырактарды жей баштайт. Кыз бир бадырак алып оозуна салган сайын, баягы жигит да ошол пакеттен бир бадырак алып оозуна салат… Таң калган кыз, дагы бирөөнү оозуна салат аркасынан жигит да бирөөнү алат… Кыз абдан жинденип эмне дээрин билбей абдан таң калат, бир чети жинденип, ичинен жаман көрөт. Ошентип пакеттеги бадырактын баарын жеп салышат. Пакетте бир даана бадырак калган б