КОШУНА
Жакында жашап жаткан үйдөн бир үй-бүлө батир сатып алып, көчүп келишти. Бойго жеткен эки кызы бар экен. Чынын айтсам, жакшылап таанышып үлгүрө элек болчубуз. Бир эшиктен кирип-чыгып, бир эле лифт менен көтөрүлгөндө гана жолукканыбыз болбосо...
Айтарыбыз «Саламатсызбы» деген эле сөздөр башка ишибиз деле жок.
Эркеги менен жолуксам, «Ассалому алейкумдан» ары деле өтпөйбүз. Жөнөкөй, жайдары адамдардай эле көрүнүшчү.
Кечээ кечинде жумуштан үйгө келип, лифттен чыксам, кошунанын эшиги ачык экен. Бир маалда аялы алдыман чуркап чыгып, көзү жашылдана:
— Уктап калдыңызбы? — деп калды.
Башында түшүнбөй, абдырап калдым. Анча тааныбаган аял киши бир заматта чуркап чыгып, «уктап калдыңызбы» дес