Жайлоодогу көрүнүш.
Эртеңден эч кабарым жок курагым,
Эркелөөдөн башка билбес убагым.
Чуркап жүрүп чаңкаганда бир ууртап,
Алар элем тунук суусун булактын.
Таң агарып, жерге жарык киргенде,
Уй саап, айдап жардам берип энеме.
Отун алып,кайра түштө эс алып,
Окшошпогон күндөр эле дегеле.
Кээ күндөрү жөнөп айыл тарапка,
Кеч киргиче кайра тоого жетчүбүз.
Тоо шамалы беттерибиз аймалап,
Күз келгиче тоолук болуп кетчүбүз.
Бизди турмуш тарбиялап эртерек,
Бүт баарына чыдамкайлык үйрөттү.
Азыр барсам эс алганы жайлоого,
Ээлеп турат жылуу сезим жүрөктү.
Бул тоолордо калып кеткен издерим,
Азыр барып келе берет издегим.
Элина Жеңишбек.