ДОСТУ КӨРДҮМ
Сынадым досту тапканым чачып астына,
Үйрүлүп түшүп үстүнө кабак, кашына.
Кайгырып турса жакшы сөз айтып ар убак,
Садага болдум көзүнөн аккан жашына.
Байкадым досту, бар болсо байлык жанымда,
Чакырат экен калтырбай ысык чайына.
Колуңда жокто чекеден карап сын коюп,
Саламы түгүл кызганат бышпас ашына.
Көпчүлүк жерде сын коюп сүйлөп кишиге,
Көрө албас сапат небактан толгон ичине.
Колуңда барын шыйпаңдап улам ээрчисе,
Кошомат иттей көрүнөт экен кишиге.
Кыйналып турсаң мыскылдай карап артыңдан,
Ыраа да көрбөс бекитип сенден жарты нан.
Мазактап күлө добушу бийик чыгаттыр,
Кокустан келип тайып бир кетсең бактыңдан.
Бирөөсүн көрдүм кыйтырлык кайнап көзүндө,
Сөзүңдү сүйлөйт,