Сүйдүм сени айылдык кыз карындаш,
Сендей мага бул дүйнөдөн табылбас.
Сезимдериң менен мени ойготтуң,
Сага мендей сүйүү кучтуу кабылбас.
Жүрөгүмдө арман болуп өтөт го,
Сенсиз мага нурун чачкан ай да жок.
Жабыркатпай кетсең болмок жүрөктү,
Сүйгөн м.н эми мага пайда жок.
Сүйүү бизди аябады кыйнады,
Жүрөк сыздап сени эч бир кыйбады.
Биздин кайчы жолду көрүп тургандай,
Жамгыр жашын төгүп турду,ыйлады.
Тээ алыстан жалгыз башы көрүнгөн,
Калдым жаным жалгыз калган дарактай,
Сен жөнүндө ырлар жазсам болмок ай,
Турамын да айла таппай сыясы жок барактай.