Арманым.
Эскеруулор тытып жатса,
журоктогу жарамды.
Ырлар менен чыгаргансыйм
кайгы, сары санаамды.
Кайсы жакка, кандай кадам таштабайын баары бир.
Коп узабайм жаным сенсиз,
жолдор болуп карангы.
Ойдогулар оюп барат,
чок баскандай журокко.
Сен жок мага жолдош болуп,
от тамызаар биликке.
Ызгаар менен карангыда,
оору жугун артынып.
Жетуу мага мумкун эмес,
биз коксогон бийикке.
Бул сезимдер бакыт эмес,
арман сунса журокко.
Унутууга айла арга,
таппай барам эмнеге.
Сендик болуп куйуп жанган,
Бул жалындуу сезимди,
Очуруудо алсыз болуп,
батпай барам дуйного.
Самат Бакыт уулу.