Бир үй-бүлөнүн турмушу оор болуп, тапканы тамак-ашына жетпей, катуу кысылат. Ошондой кыйынчылык күндөрдүн биринде, аялы үйдөгү буюмдарды түйүнчөккө ороп "сатып, акча кыл" деп, күйөөсүн базарга жиберет. Күйөөсү сатаарын сатып, түшкөн акчага азык-түлүк алууга бет алганда, алдынан бир кайырчы чыгып:
- Үч күндөн бери тамак жегеним жок, садак берчи дейт..
Кишинин боору ооруп, акчасынын тең жарымын кайырчыга берейин деп, "үч күндөн бери тамак ичпеген адамга бул акча эмне болмок эле" деп ойлонуп, баардык акчасын берип койот. Үйүнө келип аялына болгон окуяны баяндап берсе, аялы кубанып:
- Жакшы кылыптырсың, бүгүн экөөбүзгө курсак тойоорлук азык бар го.. Эртеге дагы көрө жатаарбыз дейт.
Эртеңки