ЖАКТЫРГАН ГYЛYНО КАРАТА МYНОЗ!
Аялзатынан гүлдү жакшы көрбөгөнү болбосо керек. Ага ылайык, ар бир айым жактырган гүлүнө карата өзгөчө мүнөздөргө ээ болот экен.
Ромашка
Ромашка гүлүн жакшы көргөндөр бир караганга жөнөкөй көрүнгөнү менен мүнөзү оор келет. Сыртынан жылмайып, ачык-айрым көрүнсө, бала кыял экен деп ойлоп калышыңыз мүмкүн, бирок алар эч кимге жемин жедирбеген жан болушат. Ким дос, ким кас экенин жакшы билгендиктен аларды кайсы учурда колдонууну билишет. «Ромашкалар» сүйүүгө туруктуу келип, эч убакта жасалма сүйүп актриса болушпайт. Берген убадага туруп ишти өз учурунда так бүтүрүшөт.
Лилия
Лилияны жакшы көргөн айымдар текебер, бой көтөргөн, баарынан өзүн жогору