Илгери бир кадимкимдей эле эрди-катын болуптур. Аялы Айнаш, күйөсүнүн аты Ташмат деп коёлу. Күйөсү жумуштан келип телевизордун алдындагы креслого отуруп, гезит окуйт. Анын аялы Айнаш тамак даярдайт. Күйөсүнө тамагын берип, үй жумуштарына каралашпаганына, акча аз тапканына наалып баштайт. Ташмат аялынын наалыганына кыжырланат. Бирок, сөгүнбөй урушпай, ичинен эле: "Өзүңдү карап алчы, жүдөгөн, мага үйрөтпөй. Жаңы үйлөнгөндө такыр башкача сулуу, мээримдүү элең" - деп ойлойт.
Бир жолу күңкүлдөгөн аялы таштандыны төгүп келгенге мажбур кылат, телевизордун алдынан зорго туруп жөнөйт. Кайра кайтып келе жатып, эшиктин алдынан токтоп, кудайга жалынат: Оо Кудай, Кудай. Жашоом жаман жагына өзг