Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Больше информации
  • Главная
  • Увлечения
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Помощь
  • русский
Левая колонка

Ме Мери

Последний визит: 5 мая 2024
Фотография от Ме Мери
Фильтр
ЗаметкиУвлечения

Ме Мери

21 апр 2019
Поделилась заметкой
Воспоминание о событии 1 год назад

Ме Мери

•••Баратабыз шашмалап•••

...
0 комментариев
1 раз поделились
22 класса
  • Класс
Ме Мери
13 авг 2018
"Атам бизге тирек болот сепилдей"
Күндө угам эркелеткен жакшы кеп,
Күлүмсүрөйм"жакшы көрөт мени"-деп.
Алсыз болбой жашап турса атакем,
Атам бизге таянаарга болот чеп.

Апама жар,бизге болсо камкор ата,
Атам барда эч болбостур бизде санаа.
"Узак жашап,жаныбызда болсун"-деп,
Колум жайып,жаратканга кылам бата.

Айла болсо, кармаар элем кетирбей,
Айлап өткөн мезгилдерди жеткирбей.
Атам көпкө жашап турса маңдайда,
Атам бизге тирек болот сепилдей.

Кыялым көздөп,кыр чети менен баратам,
Кырчын ой менен кыдырып дүйнө жаратам.
"Кылымды жашап,өмүрү узак болсун"-деп,
Кымбатым менин,тилеймин сизге эне-атам!
Автор:Асанбековна Айтолкун.
••<<МББАА>>••
Ме Мери
12 авг 2018
"Мендик эле болуп калчы жанымда"
(Апама)
Бейиш жыттайм,күндө барып жаныңа,
Бекем кысып,кучагымдын табына.
Мээримиңден азык алаар апакем,
Мендик эле болуп калчы жанымда.

Гүлдөр аңкыйт,бирок сендей жыттанбайт,
Күлсөң эгер,кайгыларым бүт таркайт.
Жыпарыңдан моокум канып искесем,
Сенден башка жүрөк жылып,жыт жакпайт.

Азырынча аралыктар ыраак турат,
Арасат күн сүйлөшөбүз ал жай сурап.
А мен болсо,кусалыктан алаксыйм,
Апам үчүн окшоштуруп ыр сап курап.

Апам күйөөр,бир мен үчүн жалынга,
Апам түтөөр,кайышса да кабырга.
Мээримиңди кызганамын башкадан,
Мендик эле болуп калчы жанымда!
Автор:Асанбековна Айтолкун.
••<<МББАА>>••
Ме Мери
23 июл 2018
"""Шамалыңа суктанам""""
(Чалма айылына)
Таң сүрүлүп,ойгоноордо эртелеп,
Тамылжыган,талаалардан жел келет.
Сыдырымга кучак жайып баладай,
Шамалыңа бетим тосом эркелеп.

Мындан өткөн айыл көрбөйм жайнаган,
Сенден кетсем, сага келем кайрадан.
Сагынамын барбай калсам эгерде,
Жада калса,чымчыгыңды сайраган.

Көркү укмуш,бийик тоосу,мөңгүсү,
Көргөн жандын кайра келет көргүсү.
Таң калтырат келгендердин баарысын,
Тынбай соккон шамалыңдын зор күүсү.

Дарыяңдан кимдер гана жутпаган,
Далай жолу пешенеңе кут жааган.
Бөтөндөргө кучагыңды кең жайып,
Башкасынан шамалыңа суктанам.

Жоктур сени,медер кылып тутпаган,
Жолдоруңда кенен-кесир чуркаган.
Башканы кой,карап туруп өзү
Ме Мери
30 июн 2018
"""Убакыт дарылабайт"""
Көп айтышат"убакыт дарылайт"-деп,
Көнүп калгам,ал жөн эле айтылган кеп.
Буулукканда ооздон чыгаар оңой сөздөн,
Бул убакыт өмүрүңдү кетет го жеп.

Дарылабайт эч кимди айыктырып.
Далай өтөт,жан оорутуп кайыштырып.
А бирок,убакыттар өтө берээр.
Айрылышкан жандарды табыштырып.

Айыктырса анда баары жакшы болмок.
Айланаңа жыргалчылык жашоо толмок.
Мен көп деле ишенбей ал нерсеге.
Бул жөн гана айтылган оңой жомок.

Закымдаган күндөр кетти нечендеген.
Пайдасынан зыяны көп эсептесең.
Убактысы келгенде жасаймын дейт.
Келгичеңди жок кылат кесел деген.

Токтобостур жалынсаң да кыйкырып.
Толуктагын ар күнүңдү сый кылып.
Томсоруңку көңүлдөрдү учуруп.
Толуп
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

2163

  • Ажарa Курбанова
    Ажарa Курбанова
    Кызыл-Кыя (Кызыл-Кия)
  • Калык Жаныбай
    Калык Жаныбай
  • Erlan Nurjigitov
    Erlan Nurjigitov
  • Бакыт Жапаров
  • Элхан Жигитов
    Элхан Жигитов

  • Бесплатная открытка

60

  • Недоступен
    534 подписчика
  • Беделбай Исаев орто мектеп
    Беделбай Исаев орто мектеп
    104 подписчика

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

Зарегистрироваться