Демейде Актанды карабаган Замира акыркы мезгилдерде ага үйрүлүп түшүп, Алтынайга жолотпогонго аракеттенип атты. Алтынай канчалык Актанга жакындайын десе Замира ага атырылып бир тийет. Алмаз да мурдагыдай болуп Алтынайдын көзүн карабай, ага деген мамилеси салкындай түштү. Экөө баш коштук деп бир бөлмөгө жатканы менен мурдагыдай эзилишпейт. Эмнеге мындай болуп кетти деп Алтынайдын башы жетпейт. Же тааныштарга, тууган-туушкандарга ачыкка чыгып, биз үйлөндүк деп айтпайт. Ошентип арадан билинбей эле бир жумадан ашык убакыт өтүп кетиптир. Замира Алтынайды кемсинтип ага жаман сөздөрдү көп айтчу болду. Бир күнү Алмаз жумушка кеткенде Алтынай Замира менен сүйлөшүүнү чечти. Өзүнүн бөлмөсүнд