ЭҢ КҮЧТҮҮ СЕЗИМ...
Бир күнү сезимдер чогулушуп кимиси мыкты экенин далилдей алышпай талашып-тартыша баштайт.
- Мен баарынан күчтүүмүн,- деди ЖЕК КӨРҮҮ,- Мен адамдарга жасай албай турган нерсесин жасатып коём. Менин аркамдан САТКЫНДЫК менен АЧУУ пайда болгон.
- Жок, мен сенден күчтүүмүн,- деди КЫЗГАНЫЧ,- Менин аркамда эч бир сезим турбаса дагы, мен адамды кылмышка түрткүлөйм. Керек болсо башка кишини өлтүрөт.
- Ой, кокуй! Буларың суу кечпейт,- деди ЖАЛГЫЗДЫК,- Киши өлтүрөт деген түккө арзыбайт. Мен өзүн-өзү өлтүргөнгө жеткизе аламын.
- Андай дебегиле,- деди МЭЭРИМДҮҮЛҮК,- Неге мындай болбогон нерселерди айтасыңар? Мен күчтүүмүн. Мен жок сезимди бар кылып, жүрөктөргө жылуулук, сый-урмат алы