Ош шаарым-кыргызымдын тарыхысын орошон акыл эстин жарышысын. Кылымдар кайырында жашап келген, Кыргыздын, кыргызымдын намысысын. Ош шаарым-кыргызымдын сепилисин, Достуктун, ынтымактын кепилисин. Акбуурам кан жугурткон журоктойсун, Сулайман тоо-суусаттырган тилектейсин. Суртулуп каректерге катып калган. Суйкумун-жан эргиткен суроттойсун, Ош шаарым улуттардын биримдиги, туу туткан элибиздин эркиндигин. Ош шаарым ак калпагын алчылансын, Ой-тилек бийиктерге камчылансын. Ош шаарым-жуз кылымга сактала бер, Оргуган создор менен мактала бер, Ош шаарым жараткан белегисин, Эр журок айкол Манас элесисин.