Кээде терезеден элди карап олтурам… Кимдир бирөө шашып, кимдир бирөө күлүп, кимдир бирөө жөн эле басып кетип барат. Ал эми мен — ошол басуунун өзүн кыялданам. Элдер ден соолуктун баркын билбейт, жөн гана басууну кадимкидей көрүшөт. Ал эми мен үчүн — бул эң чоң белек. Буттарым турбаса да, жүрөгүмдо бекем ишеним турат. Кээде жыгылам, кээде унчукпай калам, бирок үмүттү эч качан жоготпойм. Бул күндөр да өтөт… Бир күнү мен да басам, болбосо да — жашоону сүйүп жашай берем. 🌅😊 #Motivation#Hope #Үмүт#Күч