КЫМБАТСЫҢ БИР ТУУГАНЫМ МАГА БААРЫҢ
Күтөөрүм, бир тууганым алтын уям,
Сагынып жолуңду мен карайм улам.
Канчалык миң азапты тартсам дагы,
Силерден бакыт, дөөлөт баарын туям.
Азыр да канат жайып учкум келип,
Сагыныч кусалыктан араң турам.
Эркелээр, бир тууганым, күч кубатым,
Өзүңдө кадыр-баркым, бүт урматым.
Эркелеп бугум айтып, сыр чечишээр,
Табылгыс байлык, кенчим эх, кымбатым.
Сеземин силер менен таттуулугун,
Өмүрдүн баасын, баркын, эң кымбатын.
Издээрим, көрүнбөсөм дарек сурап,
Көрүшсөк кубанычтын жашы кулап.
Ата- эне өткөнү соң жаш бүчүрдөй,
Бүр ачып барасыңар тукум улап.
Алыстап кетсем дагы өзүңөрдөн,
Керемет мээримиңер тартып турат.
Аска - зоом, чыккан күнүм, таянаарым,
Аздекте