Өзгөчө болгум келбейт өзүң үчүн,
Көрүнгүм келбейт өтө жакшы болуп.
Эгер сен сүйсөң менин болушум сүй,
Эмес го жасалмалык жакшы жорук.
Мен үчүн айды деле алып бербе,
Кабаттуу үйдү деле салып бербе.
Болгону мага жылуу мамиле кыл,
Кадырым тепселбесин калып жерде.
Мен үчүн керек эмес саякат да,
Ашыкча кымбат кийим каражат да.
Болгону жанымдагы коргоочум бол,
Башкадан сөз угузуп каралатпа.
Мен үчүн кереги жок байлыгың да,
Айына уучтап алчу айлыгың да.
Байлыктын кереги не бак болбосо,
Баарынан жан дүйнөңдү жарды кылба.
Мен үчүн кереги жок унааңдын да,
Мейли гүл берип күндө кубандырба,
Көп нерсе талап деле кылбайт аял,
,,Көңүлүң буруп кой"- деп сурандырба.
Гульниза Эргешова