КАЙНЕНЕГЕ АРЗАНЫН...
Дем алыш күн базар ичи ызы-чуу,
Алуучудан көбөйүптүр сатуучу.
Кийим тандап жүрүп эле капыстан,
Күбө болдум окуяга кызыктуу.
Өлчөп көрүп турсам эле бир келин,
Апама деп арзан көйнөк сурады.
Сатуучу анда кымбатынан көрсөтүп:
- Апаң үчүн алчы деди мынааны..
Анда келин кабак чытып кайрылат:
- Апама эмес кайненеме аламын,
Шашып жүрөм, бериңизчи батыраак,
Кийимдердин арзанынын арзанын.
Орундатып сураганын кардардын,
Карбаластап таап берди арзанын.
Ойго батып тура берип селейип,
Байкабапмын келин кетип калганын.
Жап жаш болчу, көргөн элем жамалын,
Ошондуктан ойлободу бараалын.
Бир кезекте кийимдердин арзанын,
Келининен өзү кийип калаарын..
Ав: Лариса Жумадылова "Поэзия