Нооруз майрамына карата майрамдык иш чара Кочкор-Ата айылында болуп өттү. Майрамдык иш чарага Кремль, Кочкор-Ата, Беш-Абышка айылдарынын тургундары катышышты. Майрам Аркан тартыш, Кыргыз курош, Волейбол мелдештери менен коштолду. Иш чараны уюштурган бардык ага-эжелекелерибизге чооң ыраазычылык билдиребиз.
Сүйүнчү кабар Үсөнбаева Арууке Химия предмети боюнча Ош областык олимпиададан 1-орундуу ээлеп, Республикалык олимпиадага жолдомо алды. 22-марта боло турган Республикалык олимпиадага ийгиликтерди каалайбыз!
Нооруз майрамына карата Кызыл-Октярбрь айыл окмоту тарабынан мектептер арасында уюштурулгант спорттун волейбол туру боюнча биздин окуучу кыздарыбыз биринчиликти багындырышты...
Урматтуу жердештер, өзүңүздөргө маалым болгондой 2020-жылы Үсөнбаев Улан агабыз жана Акылбек айылынын тургундары бизге үлгү боло турган иш жасашты. Себеби Улан агабыз атасы Жайлообай атабыздын жылдык ашын өткөрүүнүн ордуна Айыл тургундары тарабынан салынып жаткан Сай-Акылбек жолундагы көпүрөнүн курулушуна 100 000 (жүз миң) сом акчалай жардам берип, курулуштун сапаттуу жана тез бүткөрүлүшүнө чоң салым кошту.Учурда айыл тургундарынын каттамы үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү. Бул саамалыкты баарыбыз колдоп, ушул сыяктуу иштерди уланталы!