Мен бактылуумун! Мен бактылуумун! Мен бактылуумун! Болгон күчүм менен бакыргым келет. Ооба, мактанып жатам. Элдин билишин каалап жатам. Айтсаңар, эмнеге мен бактылуу экенимден уялышым керек? Эмнеге көз тиет деп жашырышым керек? Ылайым менин бактым ар бирөөңө жуксун.
Кайын энем менен кайын атам мыкты адамдар экен. Төрт уулуна берген тарбиялары бул нерсени айгинейлеп турат. Ушундай сонун жигиттер. Биринен өтүп бири акылдуу. Өздөрүн алып жүргөнүн карасаңар суктанасыңар. Болочок абысындарыма «повезло» (күлүп) .
— Жеңе келиңиз мен жууй салайын.
— А мен үйдү шыпырып чыгайын.
— Мен кошунага казандарын жеткирип берейин. Жаңы келин болуп келген күнүм. Конокторду узатып бүтүп, жоолукту бекем байла