Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя
Жүрөгүн түшүрүп үйүнө түндө бардым. Жамгыр да жаап жаткан. Ким билет, ошол күнү таенеме жолукпасам, бүгүн бул окуяны жазып отурат белем же ... Аябай кыйналып кеттим. Жарытаарлык жумуш жок. Үч айдан бери эмгек маянамды беришпейт. Эки-үч эжеден карыз алгам. Алар күн сайын чалат. Телефон чырылдаса жүрөгүм козголуп кетет. Батирдин кожейкесинен эмне деген гана сөз укпадым. Кечээ светти кыркып коюшту. Эки күн мурун газды өчүрүшкөн. Акыркы ирет качан ысык тамак ичкеним эсимде жок. Курсагымдын курулдаганынан түндө уктай албай чыгам. Кийимдерим эски, тааныштарга жолукпасам экен деп тиленем. Бул арада ооруп да калдым. Бейта