~УРУШЧААК АЯЛДЫ КАНТИП ЖУМШАРТСА БОЛОТ
~?
- Урушчаак аял өзүнөн-өзү эмес турмуштун заарынан улам урушчаак болушу мүмкүн. Мышыкты деле ургулай берсең, айласы кеткенде арстандай айбат көрсөтөт. Айтор, баккан ээси жарашса күйпүл күчүк сак болот, алган эри жарашса кара катын ак болот. Жарашпай калса сакоо катынга тил бүтүп, уулуу заарга айланат. Ошондуктан аялды күндүзү үйдөгү идиш жуууп, кийим жууп, балдарды караган роботтой көрүп, түндөсү бир түндүк сойкудай пайдаланбай, ага аял катары, өмүрлүк жар катары, эң негизгиси эркек сыяктуу эле урмат-сый менен жыргалчылыкка укуктуу адам катары мамиле кылуу керек. Экинчиден, айылдын балдары үйрөтүлө элек тайларды үйрөткөндү, чарс аттарды жоошутканды