Сыйды да көтөрө билели.
Жаңы келин болуп келгенимде кайнатамдын эжеси биз менен жашап калган.Ал киши 103 жашка чыгып каза болгон.,,Апче,, дейт элек.Ошол апчем айтып берген.
Илгери бир бай жол боюна кончу экен.Жол боюна конгонуна жараша оокат -аштуу, берекелүү адам болот.Ары өткөн,бери өткөндөр анын үйүнө тие өтүшөт,суусундук ичип,даам ооз тийип...Айрымдар жатар конок болуп кетишет.Байдын кыларга иши жок,саларга кушу жок отуруп,келген-кеткенди эрмектейт.Бир күнү кудайы конокмун деп думана келет Аны байдын жигиттери байдын өргөсүнө киргизишет.Бай аны коноктоп,эртеси узатып чыгат да,көчүккө бир тээп,итке айдактатып,кубалап жиберет.Жигиттери каткырып,күлүп,шылдыңдап кала беришет.Би