МОСКВАДАГЫ ОРТОМЧУЛАРГА
Бийлигиң, билермандар бирикпеди,
Жонунан элдин кайыш тилип кирди.
Тагдырда бешенеси шор каткандар,
Жашоонун жакшы жагын самап келди.
Турмушуң, туурунан айдактады,
Куу турмуш куур тонун жайдактады.
Бөтөн эл, бөтөн жерде азап чегип,
Кыргызым ар кай жерде азапталды.
Орустун жерин келип байырлады,
Ортодон ортомчулар тамыр жайды.
Ач иттин артын сук ит жалайт кылып,
Ортомчулар сайран куруп тайраңдады.
Беш миң деп орус айтса, торт миң дешет,
Миң сомун дароо жутуп алсак дешет.
Алкымга такаларын билип туруп,
Алдасак,баса калып жесек дешет.
Жегиле, желим болуп сиңип кетпейт,
Тешпесе да тешиктен чыгып кетпейт.
Кошулуп силер менен оо дүйнөгө,
Суракка да ээрчишип кошо кетет