Күндөр келет…
Унчукпай отурганыңды угуп отурган адам болот жаныбызда…
Ал убакта сөздөр менен айтылбаган кептерди көздөр айтат…
Жүрөктөгү бардык муң, сагынычтар көздөн , сүйүү нурлары болуп чачырайт…
Адамга адам шыпаа болуп, жараланган жүрөктөргө эм болот…
Күн келет…
Ашыктык сөздөрү , жаттама ар кимге айтылып жүргөн баркы жок сөздөр экенине ынанасың…
Капыстан кезигип калсаң, бүтүндөй жат көздөр сени карайт, кароодон айбыгып калдастап кетесиң…
Күн келет…
Таң атып, кечтер өткөн сайын аруулук чулгаган ошол кезди бир эстейсиң…бирок ошол адамды эмес… ошол кезди , ошол мүнөттөрдү, ошол жүрөгүң жарыла соккон секунддарды…
Дабаа болгон убакыттар: жолдорубузду такыр башка жактарга буруп, тааныбаган