Тогузунчу класста окуп жатканымда, жогорку окуу жайын жаңы бүтүп келген Сабырбекова Каным аттуу эжей «Адабият» сабагынан берип калды. Ошондон баштап бул
Алыкул Осмоновдун жубайы Зейнеп Сооронбаева Тогузунчу класста окуп жатканымда, жогорку окуу жайын жаңы бүтүп келген Сабырбекова Каным аттуу эжей «Адабият» сабагынан берип калды. Ошондон баштап бул сабакка кызыгуум ойгонду. Айрыкча Алыкул Осмонов жөнүндө теманы өтүп жатканда Алыкулдун Айдайга болгон сүйүүсүн, кийин Зейнеп менен баш кошуп, Жыпар деген кыздуу болуп ал кызы чарчап калганда анын чачын өмүр бою катып жүргөнүн айтып бергенде бир башкача сезимде тымтырс болуп угар элек… Акындын Зейнеп менен суз мамиледе жашап жүрүп экөөнүн ажырашып кеткенин, андан кийин баш көтөрбөй ырлар жазганын айтчу. Аны айтып жатканда эжейдин көзүнөн жаш чыгып кетчү. Алыкул Осмонов жөнүндө эжейибиз,