Сократка бир киши келип,мындай дейт: -Сен жѳнүндѳ досуң эмне деп жатканыны билесиңби? -Токтой турчу,алгач сүйлѳй турган сѳзүңдү үч электен ѳткѳзөлү. -Үч элек дейсиңби,ал кандай электер? -Ар бир сѳздү айтаардан мурун,аны үч жолу электен ѳткѳзүү зарыл.Биринчиси ЧЫНДЫК элеги.Сен айта турган сѳз чындык экенине толук ишенесиңби? -Жок,мен ал сѳздү бирѳѳдѳн укканмын. -Демек сен бул нерсенин чын же калп экенин деле билбейсиң.Анда экинчи электен ээлеп кѳрѳлү-ЖАКШЫЛЫК элеги.Сен менин досум жѳнүндѳ жакшы нерсе айтайын дедиң беле? -Жок,тескерисинче терс маанайдагы маалымат. -Демек менин досум жѳнүндѳ мага терс маанайдагы сѳз айтайын деп жатып,ал сѳздүн чын же калп экендигине кепилдигиң да жок э