ЖОГОЛБОСУН АДАМДЫК
...Жаралып бул дүйнөгө жашоо үчүн
Тагдырдын сыноосуна чыдайбыз да...
Сыртыңдан жылмайынкы жүргөн менен,
Чынында жан дүйнөнү кыйнайбыз да.
Калчоодо Жашоо бизди, каалагандай ,
Өз эркиң , өз күчүң не жетпейт буга?
Адамдар... адамдык чоң сыйды унутуп,
Байлыкты, мансаптарды кеттик куба.
Көр оокат, көр тирүүлүк жолун издеп.
Дүнүйө, топтоп кээси жыйналууда.
Көздөрдөн кусалыктын жашы агып,
Кээ бири бөтөн жерде кыйналууда.
Кыйнасын мейли бизди сынагычтар,
Бурасын Каалагандай оңго солго,
Баарынан, кымбат болгон бизге ушул,
Адамдык Сапатабыз жоголбосо...
02. 04. 2018