ӨЗҮН ИЗДЕГЕН АДАМ
1-БӨЛҮМ
Айпери мектептен келе жатып, көчөнүн баш жагында теңселип араң баскан апасын көрүп, Нурландан уялып жүзүн ала качты. Анын бул кылыгын байкап калган Нурлан:
– Сага эмне болду, Айпери?,- деп ага суроолуу карады.
Кыз ансайын жигитинен уялып, алыста келе жаткан апасын бир карап, аны бир карап алып кандайча тетири бурулуп басып кеткенин өзү да байкабай калды.
Нурлан эч нерсени түшүнө албай, ал жерде бир аз туруп, анан Айперинин аркасынан жөнөдү. Аңгыча алыста колуна эки чака көтөрүп, арыкты көздөй келе жаткан Нурландын апасы Салия капыстан баласын байкап калып:
– Ай, Нурлан, сен алдагы аракечтин кызынын аркасынан ээрчигениңди качан коёсуң? Жок дегенде ад