Тилеген жумуштан бутун шилтей басып араңдан үйүнө келди... кулпун алып ачаарда эшик өзү ачылып кетти.... Эшикти ачык таштап койу алаты бар болчу Мээримдин....Тилегендин жаны чыгып кете жаздады. Жумуштан чарчап, урушуп келе жатканы учун бат эле башына чыгып кетти... –– Эй, эшикти эмне ачык калтырдың? Шаар коркунучтуу, ар кошкон адамдар. Тоноп, адам өлтүрүп жаткандар толтура. Мээрим мен сага сүйлөп жатамын аа?! Канча ирет айтым , ээй сенде кулак барбы ?!
Жооп болбоду . Ачуусу келип кухняга баш бакты. Жатчу бөлмөсүнө жүгүрдү ал жакта да жок... Сыртка атып чыкты, көп кабатуу үйлөрдүн астында эки жагын элеңдеп , эси кетип издеп жүрдү.... Жакын арада дүкөн бар бо