Жашоодо ар кандай инсандар бар, агы, карасы, сарысы . Алардын жан дуйносу да ар башка. Бири жаралуу жеринди ырбатса, экинчиси тескерисинче кандайдыр жылуулук берет, негедир конулунду жай кылат, учунчусу баардык кайгынды унуттуруп, башка дуйного жетелейт. Бирок адамдар буларды сезе бербейбиз жаныбызда жургон дос, курбу, тууган, болбосо жаны таанышыбыз болсо да булардын бирине созсуз окшойт, бирок кээде аларды бири биринен ажырата албай, кимиси кандай мамиле жасаганын да сезе албайбыз себеби биз адамдар актербуз, кээде ар кандай ролдордо ойной берип чыныгы жузубуз сыр сандыкта сакталып калат.... Аттин, адамдар бир бирибизге ишене билсек, кумон санабай достошуп, эне баладай сырдаша билсек...