Өкүнүч менен ойгонууга өмүр өтө кыска Жашоонун башка аталышы жок. Анын аты – жашоо. Ар бир адам өз жашоосунун сүрөтчүсү, өз бакчасынын багбаны. Сиз кандай болсоңуз – жашооңуз да ошондой. Кээ бир учурларда баарын башынан баштагыңыз келип, жан дүйнөңүз ооруйт. Миң кубулган жашоонун өзүндө баарынан тажап, кайгырган кезде төмөндөгүлөрдү эстеп жүрүңүз. Жөн гана чарчаган учурда окуңуз!
1. Жер бетинде кеминде 2 адам сиз үчүн өмүрүн кыюуга даяр.
2. Кеминде 13 адам сизди жакшы көрөт.
3. Эгер сизди бирөө жек көрсө, анда ал сизге окшошкусу келгендиктен гана жек көрөт.
4. Сиздин күлкүңүз сизди жактырбагандарды да кайдыгер калтырбайт.
Кечир деп айта бербе, Кемиген сүйүү ордуна келмек беле. Кеттиңби,кайра келбе Сезимдер сага эмне,эрмек беле. Жүрөктөн сүйгөн адам, Жүдөтүп,арбын азап бермек беле. Жабыркап калган көңүл, Жазылып кайра ордуна толмок беле. Үзүлгөн жалбырактар Үйлөсон кайра ордуна конмок беле...
Кайрылба кайран сүйүү Кайрадан баштагыдай болмок беле...