Тагдырым кандай билбеймин деги,
Табышып кайра адаштык эми.
Таалайым, бактым издеймин,
Сени Лейли.
Түнсүңбү мага көрүнбөс Лейли?
Түшүмдө "сен" деп жүрөм го Лейли.
Түйшүгүм арман билбейсиң,
Мени лейли.
Лейли!
Санаамды неге билбейсиң,
Лейли!
Садагам неге сезбейсиң?
Лейли!
Сыздады мени жүрөгүм!
Сагындым сени Лейли.
Көздөрүң мончок карагат Лейли,
Чачтарың өрмө таралат Лейли.
Көнүлүм сенде билбейсиң,
Жаным Лейли!
Жамалың айдай жарашык Лейли,
Жалындап ар бир жан ашык Лейли.
Сезимим өчпөйт түбөлүк,
Сага Лейли!