➡️Кыргызстанда аз камсыз болгон, тамак-ашы жок калган жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн "Жардам" штабы түзүлдү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Штаб мамлекеттик органдар, жаштар жана кайрымдуулук уюмдар менен биргеликте түзүлгөн. "Штаб аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана тамак-ашка каражаты жетпей кыйналып жаткандарга азык-түлүк, коргоочу каражаттар менен жардам берет. Азыркы тапта Бишкек менен Ош шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат", — деди Жаманкулов.
Жардамга муктаж жарандар 1227 кыска номерине чалса болот. Мындан сырткары, "Биз барбыз" Telegram каналы, "Жардам берем" мобил