Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Больше информации
  • Главная
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Рекомендации
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Обложка профиля
Фотография от Нурхан Жолдошбеков

Нурхан Жолдошбеков

Последний визит: вчера 04:30
Фотография от Нурхан Жолдошбеков
Фотография от Нурхан Жолдошбеков
Фотография от Нурхан Жолдошбеков
Фотография от Нурхан Жолдошбеков
Фотография от Нурхан Жолдошбеков
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
Нурхан Жолдошбеков
3 сен 2024
МЕКЕНИМ!!!!

Мекеним!!! Кандай күндөр өттү сенден.
Кыйынчылык оор тагдырдын баарын жеңдин.
Нечендер өзүң үчүн жанын берген.
Сен дагы элиң үчүн баарын бердиң.

Мекеним!!! Оор сыноолор өттү сенден.
Башыңа кайгы менен басып келген..
Өзүңдү туу тутушуп бийиктеги.
Баатырлар өзүң үчүн жанын берген..

Мекеним!! Сен тарыхсын китептеги.
Өчпөс от акыреттик жүрөктөгү.
Сүйүүбүз ырларыбыз баары сенсиң.
Көтөрүп жүрчү туубуз өмүрдөгү.

Мекеним!! Бүгүн сенде бир чоң майрам.
Үмүтү эл журтуңдун нурдай жанган.
Өнүгүп өсө берчи Ата Журтум.
Тарыхка Улуулуктун изин жазган..

Автор:Нурхан Жолдошбек
Нурхан Жолдошбеков
24 авг 2024
Жубайыма

Сен жашайсың борборунда жүрөктүн.
Мен алыста а колумда сурөтүң.
Түндөр менен сырдаш болуп отурам.
Беттен сүйүп сен жылмайган сүрөттүн,,,

Көзүм сенде көңүлүм да өзүңсүң
Болоюнчу кареги шол көзүңдүн.
Үшүтпөгөн сезимдерди ичтеги.
Кыш чилдеде курчап мени жылуулук..
Менин үйүм ошол сенин жүрөгүң..

Жакшы ниет тилегимди баарысың,
Тапкам сенден жаратымдын даарысын.
Бай болсом да мен өзүңсүз кедеймин.
Баарынан да бийик турган бактымсың…..

Сен өңдөнүп менин ар бир күндөрүм.
Сагынычтан мен эзилип жүрөмүн.
Мен өзүңө ачууң келген жан болсом.
Сен мен үчүн согуп турган жүрөксүң.

Менин жарым менин сүйгөн жубайым.
Сени күндө сүйүп эле турайын.
Катып алчы көөдөнүңө чыгарбай
Жүрөгүмдү сүйүү
Нурхан Жолдошбеков
29 окт 2022
Кургур арак

Жан кейийт жолдон кордум бара жатат.
Тытылган денелери башын катат.
Таш жолдун бир бурчунан орун алып.
Отуруп откондордон акча сурайт.

Откондор отот конул бурган жан жок.
Жанында туруп калдым бир аз токтоп.
Жинимдин келгенинен ичтен соктум.
Журбодун неге айтчы адамга окшоп.

Жанында турдум копко кете албадым.
Суугу да очошконсуп жааган каардын.
Астында жарымы суу картон кагаз.
Бейтааныш журокту эздин ойго салдын.

Ичкени ошол жаман арам арак.
Кочодо журот кундо жанын сабап.
Адамдын кейпин кийген айбан сымал.
Достошуп арак менен ал баратат.

Асылып алган экен ал мойнуна.
Жабышып кирип алган коюнуна.
Билбедим кандай ойлор жатат ичте.
Достошуп арак менен турмушунда.

Соз айт
Нурхан Жолдошбеков
18 июн 2022
Омур..

Китебин алып, жашоомдун ачсам.
Отконду издеп, барактан тапсам.
Эсиме келет апамдын жузу.
Бетимден суйуп сылаган чачтан.
Жараткан берчи, ал кунду кайра.
Ал күндү эстеп кайгыга батсам.

Бал ширин ошол балалык убак.
Журокту мыкчып эсимде турат.
Жетелеп атам колуман алып.
Мени менен ойноп жарышып чуркап.
Жараткан берчи, ал кунду кайра.
Жалбарып келем жалынып сурап.

Окуучу кезим дагы бир элес.
Ал таттуу кундор эсимен кетпес.
Омурдун таттуу учуру баары.
Бириксе дагы ал кунго жетпес.
Ыйласан дагы сурансан дагы.
Откондун баары кайрылып келбес

Узадын менден балалык кезим.
Узадым сенден алыска кеттим.
Улантып жонойм атамдын жолун.
Озумду кийин баламан кором.
Откондун баары омурдун жолу.
Бак
Нурхан Жолдошбеков
17 июн 2022
Атама….

Толбойт экен бөксөргөнү өмүрдүн.
Назик экен калганы бат көңүлдүн.
Кечээ эле жапжаш элең атаке.
Бүгүн мага картайынкы көрүндүң.
Байлык бийлик кереги не билсеңер?
Атам турса көркү болуп төрүмдүн.

Токтойт экен агымы да өмүрдүн.
Келбейт экен калганы ал көңүлдүн.
Шандуу жүргөн атакебай жүзүңдөн.
Кусалынкы не мынча көрүндүң.
Ойлонбочу бийиктерге жетемин.
Көркү болуп турсаң менин төрүмдүн.

Бүтөт экен берилгени өмүрдүн.
Адамда зар жакшысына көңүлдүн.
Азап күндөр өттү баштан билемин.
Кудай берген сапарында өмүрдүн
Ал күндөрдүн баарын артка таштадык.
Узун болсун эми ата өмүрүң…..

Автор: Нуркан Жолдошбек
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

538

  • Нурали Челак
    Нурали Челак
    Самарканд
  • Бактыбек Касымов
    Бактыбек Касымов
  • Nurik Rahmatov
    Nurik Rahmatov
    Ош
  • Уран Кудайбергенович
    Уран Кудайбергенович
  • Виктор Куликов
    Виктор Куликов
    г. Красноармейск (Саратовская область)

33

  • ღ Наш любимый Кемин ღ
    ღ Наш любимый Кемин ღ
    2479 подписчиков
  • Ыр дүйнө
    Ыр дүйнө
    8848 подписчиков
  • КТРК СПОРТ
    КТРК СПОРТ
    3293 подписчика
  • Интересные места мира
    Интересные места мира
    491029 подписчиков
  • Музыка души
    Музыка души
    50522 подписчика

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

Зарегистрироваться