"Ата журтум ооруганы эмеспи?"
Суулар акпай сайды карап соолуса,
Кун бурколуп кара булут тооруса.
Уул, кызын мигранка айланып,
Элдин жонун жокчулуктан жооруса.
Аксакалын дужур болуп байланса,
Энелерин обончуга айланса.
Эл ичинен, элим деген тын чыкпай,
Башчыларын доллар мене жайланса.
Ата журтум ооруганы эмеспи?
Ата журтум соолуганы эмеспи?
Уул, кызын оз тарыхын билбесе,
Устубуздон башка идеял бийлесе.
Башчылардын салт санаасын туу тутуп,
Уул, кызын жан дуйносу кирдесе.
Башчыларын башка тилде суйлосо,
Оз элине, оз тилине куйбосо.
Уул, кызын башка тилде окушуп,
Эне тилин огойлошуп суйбосо.
Ата журтум ооруганы эмеспи?
Ата журтум соолуганы эмеспи?
Элибизден, жерибизден кут качса,
Жонубузга жа