Чубак ажы Жалилов 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетин аяктаган. Орто мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Сауд Аравия өлкөсүндөгү дүйнөгө таанымал "Умм аль-Куро" эл аралык университетинин алдындагы Араб тили институтун бүтүрүп, андан соң шарият факультетинен шарият жана усул боюнча бакалавр даражасына ээ болгон. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинен теология боюнча магистрдик даражасына ээ болгон.