ЖЕТИ ДУБАН
Бакыт Шукуралиев в Акбар Кубанычбеков
Акбар Кубанычбеков
Жер соорусу
аталган Нарыныман,
Кызыктарга бөлөнгөн келген мейман.
Баасыз сөзүн жүрөктөн чачыратып,
Бата айтып аксакал колун жайган.
Бермет болуп
чалкыган Ысык-Көлүм,
Барган сайын жаныңа кызып көңүл.
Кереметтүү келишкен төрт тарабың,
Кыдырганда тургансыйт токтоп өмүр.
Касиетке
багылган нурлуу Ошум,
Келет жалгыз өзүңө курбу болгум.
Кылымдарды карыткан тарыхыңдай,
Атың өчпөй ар дайым улуу болсун!
Койну кенен
жайылган алтын Чүйүм,
Келген жанга арнадың бакыт гүлүн.
Багыт берип турасың Кыргызстанга,
Жашай бергин! Өркүндөп, өмүр сүргүн!
Кыйгач
жаткан картада кең Таласым,