Саламатсыңбы, сүйүктүү окуучум!
Бул катты көпкө ойлонуп жазып,көңүлүмдүн түпкүрүндөгү өзгөчө жылуулук менен жолдоп олтурам сага. Калемимди колго алган учурдан тартып, сенин мектепти көздөй келе жатканын, класска кирип келгениң, сабак өтүп жатканда ынтаа коюп карап олтурганың, айтор баары көз алдымдан тизмектелип өтүп жатты.
Ооба, кээде сенин кичинекей аруу жүрөгүңдө да бир өзгөрүүлөр болгонун кантип байкабай коёюн. Балким , үй - бүлөдө, а мүмкүн теңтуштарыдын арасында пикир келишпей калган учурлар болот чыгаар, же окуу оор сезилиши ыктымал.
Билип кой, сенин азыркы күндөгү максатың- билим алуу.
Талыкпаган эмгек, алга карай умтулуу менен гана ийгиликке жетесиң.
Билим гана сени керемет ааламг