ДЖИ(АРУУКЕ)
8- БӨЛҮМ
– Кандайсыӊ, сулуу?
– Жакшы, Айбек, өзүӊ кандайсыӊ?
– Сен Москвада! Кубанычтамын!- ал кызды бекем кучактап алды. Бери жакта карап турган Элиза жылмайып койгону менен, Аруукеден Айбекти кызганып ачуусу келип жатты. Аздан соӊ алар тамактанып отурушканда Элиза менен кыз-жигит экенин унутуп койгондой эле Айбек көзүнчө Аруукеге карап:
– Сен менин биринчи сүйүүм болгонсуӊ,- деп балп эттирди.
– Оме-ей! Элиза менин чачымды жулбасын, абайласаӊчы,- Арууке тамашалады.
– Ал кез окуучу кез болчу да. Азыр Элизаны сүйөм. Ошондо Арууке мени таштап кеткенде аябай жаман болгом.
Айбек өзүн-өзү кубаттап каткырып койду. Арууке анын өөн учураган кылыктарын карап отуруп ичинен «Жанар, сен к