Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Больше информации
  • Главная
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Рекомендации
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Фотография от Эльмира Кенжебаева

Эльмира Кенжебаева

Последний визит: 28 янв
Фотография от Эльмира Кенжебаева
Фотография от Эльмира Кенжебаева
Фотография от Эльмира Кенжебаева
Фотография от Эльмира Кенжебаева
Фотография от Эльмира Кенжебаева
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
562442364798

Эльмира Кенжебаева

12 апр 2025
VID-20200524-WA0008.mp4
02:29
VID-20200524-WA0008.mp4
4 800 просмотров
  • Класс
Эльмира Кенжебаева
14 фев 2024
ООРУБАЧЫ АПАКЕ

Балалык күндөрүмдө эселек,
Оюнга тойбогон кез секелек.
Апакем жапжаш сулуу жан эле,
Ай жүзү али эсимден кете элек.

Кайрылып ал күндөргө барсамчы,
Кайрадан бала болуп калсамчы.
Апакем ошол бойдон картайбай.
Ээрчишип жетелешип бассамчы.

Зымырап өттү мезгил бат эле,
Тиктеймин көзүңүзгө телмире.
Кайраттан улам кайтып алсырап
Эзилип оорубачы апаке.

Жарыгым бейиш багым мүрөксүң,
Ааламды сезип турган жүрөксүң,
Дүнүйөм кемтиги жок түгөлдөй,
Апакем баары, баары өзүңсүң.
🥰

Эльмира Кенжебаева.
Эльмира Кенжебаева
11 фев 2024
ЫРЛАРЫМДА СЫРЛАРЫМ

Сапырылып санааларым чачылса,
Ызалантып жан дүйнөмдү кыйнаса.
Азабы көп жашырылган сырымды,
Айта алдым жалгыз гана ырымда.

Чөгүп турган көңүлдөгү ыргагым,
Чыгара албай мукактана ыйладым.
Кайраттана көз жашымды сүртүнүп,
Сырларымды ырларымда ырдадым.

Тутамдаса капалыктын чеңгээли,
Жараланса жүрөгүмдүн деңгээли.
Жабыркатпай алга сүрөп тургансыйт.
Коштоп дайым кайгы муңду жеңгени.

Баардыгыма ортоктошсуң ырларым,
Өзүң менен бирге жүрөт сырларым.
Күбө болчу ар бир өткөн күнүмө,
Сени менен чогуу болом ар дайым.

Эльмира Кенжебаева.
Эльмира Кенжебаева
11 фев 2024
АР ЖАЛГЫЗДЫК,
БИР БАШТА

Бир кезде назик мүнөз уяң элем,
Жашоонун сыноолорун эч сезбеген.
Такшалтып тагдыр жолдун татаалдыгы,
Жетелеп келе жатты нугу менен.

Уяңдык мүнөз деген артта калып,
Санаанын сабырынан жан кыйналып.
Үлбүрөп күйүп турган назиктикти,
Шамалы бурганактын үйлөп салып.

Оор жүктү артып алып чегерилген,
Жыгылып, кайра туруп жүрүп келем.
Турмуштун оош кыйыш күндөрүндө,
Чыда деп өзүмдү өзүм алдай берем.

Күндөр да күнгө уланап өтүп жаткан,
Ай чыгып, уясына кайра баткан.
Ар башта бир жалгыздык болот деген,
Таасир сөз калган тура, аныкталган.


Эльмира Кенжебаева.
Эльмира Кенжебаева
11 фев 2024
МЕРЕЗ ЭНЕ

Табияттан аялзатка буйруган
Эне болуп, наристесин жыттаган.
Арасында аялдардын бар тура,
Мээрими жок мерез эне аталган.

Мерез эне дилиң сенин таш беле?
Өз балаңда кандай өчүң бар эле?
Баалай албай эне болуу бактысын,
Төрөп алып, таштап салдың ар жерге.

Сен энесиң, эне экениң унутпа,
Ур токмоктоп балаңды эч курутпа.
Айыбы эмне? кичинекей чүрпөнүн,
Балалыктын бакыт күнүн соолутпа.

Эне деген ыйык атты булгабай,
Өз балаңдын ырахатын сезе албай.
Мерез эне сенден келбейт жакшылык,
Андан көрө калсаң болмок жаралбай.

Айбанат да өз баласын калкалайт,
Жакшы эне наристесин аярлайт.
Мерез эне акыл калчап ойлонгун,
Жараткан да бул ишиңди каалабайт.

Бала жытын искей албай зарыгып,
Жүргөнд
Эльмира Кенжебаева
5 янв 2024
КЕЛ КЕЛЕГОЙ
ЖАҢЫ ЖЫЛ

Кел замандаш, жаңы жылды тосолу,
Чын жүрөктөн тилек айтып оболу.
Бүт дүйнөдө тынчтык багы орносун,
Кана эмесе , ырдап обон созолу.

Жаңы жылым шаң тартуулап кирип кел,
Токчулукту, молчулукту бизге бер.
Ачык маанай күлкү менен коштолсун,
Куттук айтып кубаналы жазып чер.

Кел келегой жаңы жылым келегой,
Ак кар менен жакшы жышаан себегой.
Аткарылбай калып калган максатты,
Ушул жылы өзүң менен берегой.

Ар пенденин ой толгоосу ишке ашып,
Жамандыктар кетсин ары тез шашып.
Кут береке ыроолосун элимди,
Жаңы жылым кел келе бер жай басып.

Эльмира Кенжебаева.




.
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

266

  • Гулгаакы Акматалиева
    Гулгаакы Акматалиева
    Ош
  • Айнаш Исмаилова
    Айнаш Исмаилова
    Москва
  • Замир Айдарханов
    Замир Айдарханов
  • Мирбек Кубатов
    Мирбек Кубатов
    Ош
  • умар умар
    умар умар
    Ош

  • Бесплатная открытка праздник разговения ураза байрам, текст, мечеть
  • Бесплатная открытка торт, с днём рождения, добра, счастья, любви, текст

6

  • Хорошее Настроение
    Хорошее Настроение
    6006934 подписчика
  • Ачуу Чындык Айтыш.
    Ачуу Чындык Айтыш.
    16070 подписчиков
  • Женские хитрости
    Женские хитрости
    431952 подписчика
  • МОСКВА КӨЗ ЖАШТАРГА ИШЕНБЕЙТ...
    МОСКВА КӨЗ ЖАШТАРГА ИШЕНБЕЙТ...
    39220 подписчиков

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

Зарегистрироваться