"Болунбогун Кыргызым"
Ак калпагын "сартка" айлантып куноосуз,
"Оштуктар" деп душман коруп кулобуз.
Тундугубуз алтын алкак болсо да,
Алар сындуу мээнет кылбай журобуз.
Асылабыз сулуу, жумшак тилине,
От чачабыз Кыргыз деген дилине.
Туштук эли бекем коргойт Мекенди,
Баатыр десек жарашат ар бирине.
"Аркалык" деп эркелетип турушса,
"Май куйруктай" жаман пикир курабыз.
"Малсынар" деп кордогонго ун катпай,
Мал сыяктуу таазим кылып турабыз.
Жоосу келсе бир муштумга биригип,
Коргоп турат элден чыккан кыраанын.
А биз болсок намысы жок жыргайбыз,
Кармап берип Карганбектей чыгаанын.
Хан кулатса шейит кеткен баатыр деп,
Даназалап тоо башына чыгардык.
Келип жатса улам сооктор чет жерден,
Коз жаш ток