Кытай элинин адамдарды 4 түргө бөлгөн макалы бар.
"Адамдар төрт түрдүү болот:
1) Эч нерсе билбейт, эч нерсе билбегенин да билбейт. Мен баарын билем дей берет. Мындайлар АКМАКТАР, алардан качкыла.
2) Эч нерсе билбейт, бирок, эч нерсе билбегенин билет. Үйрөнүүгө аракет кылышат. Булар ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР, аларды окутуп, үйрөткүлө.
3) Көп нерсе билет, бирок, көп нерсе билгенин билбейт. Эч нерсе билбейм деп жүрө берет. Мындайлар УКТАП ЖАТКАНДАР, аларды ойготкула.
4) Көп нерсе билет, көп нерсе билгенин да билет. Илимдүү жана аракетчил болушат. Булар ЛИДЕРЛЕР, аларды ээрчигиле."
Ким кайсыл түргө кирет, ар ким өзүн таразага салып көрсүн.
Сыноо дүйнөсүндө жашап жатабыз. Бул дүйнөдө кылган жакшы жаман иште