Айылдаш эжебиз Маталиева Асел дартка чалдыгып турган чагы. Аллага шүгүрлөр болсун дартына дааба бар. Бирок ошол дартка табылган даабага айылдык карапайым Асел эженин үй бүлөсүнүн каражаты жетпей турат.
20 миң доллар же 1 млн 700 миң сом кимдир бирөө үчүн бир унаа болсо, бирөө үчүн өмүр экен. Бай берсе малынан, жарды берсе жанынан берет дейт. Аз, көп дебей 5-10 тыйыныбызды кошсок Кудайдын каалоосу менен кырктын кырына жаңы келген эжебиздин уул үйлөнтүп, кыз берип, небере жетелеткен байбичелик куракка жетишине себепкер болот элек. Жараткандан ошону дуба кылып, жардамыбызды аябайлы туугандар.
Тамчыдан дайра куралат. Айрыкча айылыбыздан алыста жү
#АдамДегениңАрТүрдүү... Адам баласы бирөөгө жамандык кылбай жашаса болбойбу... Өмүр деген убактылуу аманат, бул дүйнө сыноо экенин унуттурбай турган өлүм бар экенин билип туруп, алдыңа аң каза койгондор чыгат турбайбы!? Ушул жигиттин таскагы катуу баратат окшойт, алдына аркан ыргытып жыгып алсак. Бир жерден мүдүрүлсө үстүнөн басып жыгылсак деген байкелер да бар экен. Урматуу байкелер "Эр чекишпей бекишпейт" дейт элибизде. Айтаар сөз, чечилбей калган маселелер болсо ийри отуруп, түз кеңешип алганга акылым жетип келген жигитмин! Кыскасы аркаман ар кимди аңдытып, катачылык издебей түз эле "Ээ иним, суроолор бар сага" деп эле келгиле да. Жигитчиликке жатпайт мындай кадамыңар! "Кимге сүйлөсө