Убакыттын жаңыланышы жашооңду жаңылайт. Ага болгон көз карашты, баалуулуктарды, кайгыны.
Ар бир нерсе өзгөрүүчү.
Жакшы жаманга, бакыт азапка, азап күлкүгө, дос душманга, душман жакынга, сүйүктүүң катардагы адамга, катардагы адам сырдашыңа, айтоор баары баш аламан. Канчалык жеңил же оор, баш аламан же татаал, кайгылуу же бактылуу болбосун адам өздүгүн жоготпош керек.
Өздүгүн жоготкон өзөгүн жоготкон дегендик...
-Адам жашап жатканын качан сезет!?
- Өздүгүн аңдыганда ))