*КАЙРЫЛБА*
Кош бол эми, болду бүттү баарысы,
Көрбөйм сени, келет мага жаңысы.
Кайдыгерлик кылбай айтчы суранам.
Кайгы мууңдун барбы деги даарысы...
Болду, кетчи Жүрөгүмдөн алыска.
Боз жоргодой сезим мн жарышпа.
Бото көзүм, ойлоно көр суранам.
Болоор болбос нерсе үчүн алышпа.
Кош бол деймин акыркы айтаар сөзүм бул.
Коштошуу да болдум окшойт өзүм кул.
Көп сүйлөбөйм бир гана айтаар сөзүм бар.
Көзүн албай, уккун мени көңүл бур...
Мен кайгырам, сен таптакыр кайгырба.
Башканы сүй анан андан айрылба.
Эрким күчтүү, эстүү жигит болгондо.
Эски күндү эске салып кайрылба.
Өтүнөөрүм мына ушул бир сенден.
Өткөн күндү эске салып кайрылба....
*АВТОР СЫЙМЫК МАМИЛОВ*