Аттин менин журогумдо тынчтык жок,
Менде бугун эмнегедир конул жок.
Жамгырлардан коргоп жургон адамым,
Бороондордо жургон экен билгизбей.
Жумшак конул болбойт экен жалганда,
Журок байкуш калат тура арманда.
Бир кылчайып эшикти ачып журоктун,
Билгизбестен кетип калса аркага.
Менде айып сени калдым жактырып,
Бир сен учун дуйно салам сапырып.
Бирок азыр айткан созум абдан кеч,
Кеткенине окуномун кайгырып.
Ушунчалык сени неге жактырдым,
Билбейм деги кайсы менин айыбым.
Бир озунду бергим келбей башкага,
Журогумду арнаган элем бир сага.
Кечир мени кечире алсан кечиргин,
Кызганычым канча куноо кетирди.
Тушунбодун кызганычтын себебин,
Кеткин келди кете бергин кете бергин.